Жаза аткаруу комитети социалдык тармактарда тараган мурдагы министр Куандык Бишимбаевди колониядан таппай жаткандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.
«Социалдык тармактарда соттолгон Бишимбаевдин качып кеткени тууралуу жалган маалымат тарады, бул маалымат чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле комитет жалган маалымат тараткандар мыйзам боюнча жазаланарын эскертти.