Куандык Бишимбаевдин иши. Прокурорлор сыйлык алды

Казакстандык Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгондон кийин казакстандыктарга белгилүү болгон мамлекеттик айыптоочулар Айжан Аймаганова менен Саяхат Нурбековго Казакстандын «Ерен еңбегі үшін» медалы ыйгарылды.

Сыйлыктар президенттин жарлыгы менен Республика күнүнө карата тапшырылды.