Кубада эки күчтүү жер титирөө катталып, жер көчкүгө алып келди

Кубада болгон эки күчтүү жер титирөө жер көчкүгө, турак жайларга жана электр чубалгыларына зыян алып келгенин өлкөнүн президенти Мигель Диас-Канел Бермудес билдирди. Бул тууралуу Reuters жазды. 

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, 5,9 жана 6,8 баллдык жер титирөөлөр бир сааттын ичинде катталган. Бийлик афтершоктор болгонун да кабарлады. 

«Жер көчкү жүрүп, үйлөр жана электр чубалгылары үзүлгөн. Биз келтирилген зыянды эсептей баштадык. Эң негизгиси – адам өмүрүн сактап калуу», — деди президент. Ал жабыркаган аймактардын тургундарын ачык жерлерде калууга чакырды.