Кулаган тик учактын ичиндеги Украинанын ИИМ башчысы көз жумду

Бүгүн, 18-январда Украинанын Бровары шаарында тик учак кулаган. Борттогу 9 адам каза болгону маалым болгон.

Тик учак кырсыгынан Украинанын ИИМ башчысы Денис Монастырский менен анын орун басары Евгений Енин каза болду. Киев облусунун башчысы Алексей Кулеба 18 адам, анын ичинде үч бала каза болгонун билдирди. «Жабыркагандардын 29у, анын ичинде 15и балдар экени белгилүү. Жабыркагандарга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө», — деди ал.

42 жаштагы Денис Монастырский 2021-жылдын июль айынын ортосунан бери Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы болуп иштеп келген. Евгений Енин ошол эле жылдын август айынын аягында анын орун басары болуп дайындалган.