Кулайын деген үйдөн жарандарды чыгарып… Тайванда катуу жер титирөө катталды (видео)

Тайванга жакын жерде очогундагы күчү 7,5 жана 6,6 баллга жеткен 2 жер титирөө жана күчү 5,4 баллга жеткен 4 жер титирөө катталды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Тургундар кырсыктын кесепеттерин чагылдырган кадрларды бөлүшүүдө. Бир катар имараттар талкаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам каза болуп, 50дөн ашууну жарадар болгонун Reuters агенттиги кабарлады. Ошондой эле жер титирөөнүн кесепетинен урайын деп калган имараттан адамдарды чыгарып жаткан видео тарап жатат.