«Кулчулукта болдум». Казак жараны иш берүүчү тарабынан көргөн кордуктарын айтып берди

Акмола облусунун Аккөл районунун тургуну Ерканат Амантай мурунку жумуш берүүчүсү милициянын жардамы менен аны кулчулукта кармап, кыйнап жүргөнүн айтып чыкты. 

2021-жылдын декабрь айында ал Коргалжын районунда ат баккан жерге ишке кирген. «Бир нече убакыт өткөндөн кийин мен жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди басынтып, сабап жатканын байкадым – чыдай албай жумуштан кеттим. Үйгө кайтып келип, Степногорск шаарына башка жумушка орноштум. Үч айдан кийин менин мурунку иш берүүчүм полиция менен келди», — деп жазат Ерканат Амантай окуя тууралуу социалдык тармакта.

«Полицияда кызматкерлер ызы-чуу кылбай «карызыңдан кутул, болбосо жүз баш жылкыны «илип», камайбыз» деди. Мен бул тууралуу үй-бүлөмө айткыла дедим. Бирок алар мени укпай, унаага салышты», — дейт Ерканат.

Ал адамдар аны «эч себепсиз» элдин көзүнчө сабап, «күчкө салып унаага салып, Коргалжын РИИБге алып келишкенин» эскерет. Анын айтымында, коркунучтуу окуялар ушул жылдын 14-мартында болгон.

«Мени базага алып келип, катуу сабашты, күрөктүн сабагы сынып калгыча сабалдым. Менин колу-бутумду байлоону айтты. Кыйнап, денеме ысык темирди басып, жоголгон малды менин мойнума алууну талап кылышты», — деди ал. 

Бирок бир күнү ал досу менен байланышып, жардам сураган. Ал туугандарына айтып, алар качырууга жана Нура дарыясынын жээгине жашынууга жардам беришкен. Эми ал киши дайынсыз жоголгон делген мал жана башка кылмыш иштерин анын мойнуна илип коет деп коркот.