Кумшекер жерге чачылып… Казакстанда кумшекер талашкандардын видеосу тарады (видео)

Казакстандын Актау шаарында дүкөндө кумшекер талашкандардын видеосу тарады. Видеону жергиликтүү блогер тартып алган. Андан соода борборундагы элдин кумшекерди талап алып жатканын көрүүгө болот.

Элдин талашынан кумшекердин целлофаны айрылып жерге да чачылып кеткен. Коомчулукка тартылган окуя боюнча соода түйүнүнүн өкүлдөрү кумшекердин тартыштыгынан тышкары баасы да кымбаттап кеткенин айтышкан. Видеонун авторунун айтымында, 1 килограмм кумшекер 450 тенге (78 сомдун тегерегинде) турат, бир адамга эки гана килограмм алууга уруксат берилген.