«Кунг-фу Панда» мультфильминин 4-бөлүгүнүн тизери чыкты (видео)

«Кунг-фу Панда» мультфильминин 4-бөлүгүнүн тизери чыкты. Бул легендарлуу Понун жоруктарынын уландысы.

Сюжет боюнча, бул жолу анда жаңы милдети турат — ал руханий лидер болушу керек. 

Тасманын биринчи бөлүгү 2008-жылы жарыкка чыгып, «Эң мыкты анимациялык тасма» номинациясында «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн. «Кунг-фу Панда 2» 2011-жылы, ал эми үчүнчү бөлүгү 2016-жылы чыккан. Окуянын уландысы «Кунг-фу Панда 4» 2024-жылдын март айында чыгат.