«Куралдарды таштабайбыз». Владимир Зеленскийдин кезектеги кайрылуусу

Украинанын президенти Владимир Зеленский бүгүн, 26-февралда эртең менен дагы бир кайрылуу жасады. Ал Киевде экенин жана армияны куралын таштоого чакырбаганын билдирип, буга чейин өзүнүн атынан социалдык тармактарда тараган маалыматты төгүндөдү.

«Азыр интернетте көптөгөн жалган маалыматтар тарап жатат. Анда менин аскерлерге куралдарды таштоого буйрук бергеним жазылууда. Мен бул жердемин, биз эч кандай курал таштабайбыз, мамлекетибизди коргойбуз, анткени биздин куралыбыз — биздин чындыгыбыз. Биздин чындыгыбыз – бул биздин жер, биздин мамлекет, биздин балдар, биз анын баарын коргойбуз», — деди ал.