Күчүк каза болгон ээсин 4 ай ооруканадан кетпей күткөн

Бразилиянын Сан-Паулу шаарында бир күчүк 4 ай бою каза болуп калган ээсин оорукананын эшигинде күткөн. Окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Күчүктүн ээси үй-жайы жок, көчөдө күн өткөргөн адам болгон. Сейил бакта жүргөндө аны белгисиз бирөө бычак менен сайып кетип, «Тез жардам» кызматы менен ооруканага түшкөн. Алардын артынан күчүк да ээрчип, ооруканага келген. Бирок киши эсине келбей көз жумган. Күчүк ээсин чыгат деп кетпей 4 ай бою оорукананын эшигинде жашаган. Кристина Сарделла аттуу аял ал күчүктү байкап, анын окуясы тууралуу социалдык тармакка билдирүү жазган. Маалымат кайрымдуулук фондунун кызматкерлерине жетип, алар күчүктү алып кетип, кийинчерээк жаңы үй-бүлө таап беришкен. Көп өтпөй күчүк ал жактан качып кеткендиги маалым болгон.

Колдонуучулардын бири күчүккө ээсинин сөөгүн көрсөтүп коюш керек эле, ошондо балким, ал акырындап ээси жок экендигин түшүнүп, аны күтмөк эмес деп жазган.