Кыймылдаткычы күйүп бара жаткан учакта тартылган видео тарады

АКШга учуп бараткан учактын кыймылдаткычы күйүп жаткан учурда тартылган видео жарыяланды. Окуянын чоо-жайын жана видеосун Local10.com телеканалы жарыялады.

Southwest Airlines авиакомпаниясынын учагынын кыймылдаткычы канаттуулар кирип кеткенден кийин күйүп кеткен. Америкалык учак Гаванадан Флоридадагы Форт-Лодердейлге учуп бараткан, бирок чукул кырдаалдан улам Кубага кайтууга аргасыз болгон.

Кадрларда учактын түтүнгө толгону жана жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырык менен кычкылтек маскасын кийе баштаганын көрүүгө болот. «Мен жарылуу сыяктуу үн уктум. Терезеден карап, кыймылдаткыч күйүп жатканын көрдүм», — деди жүргүнчүлөрдүн бири. Анын айтымында, ал жубайына аны сүйөрүн жазууга шашкан.

Кийинчерээк компания лайнер конгондон кийин рейстеги бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланып, эч ким жабыркаган эмес деп билдирди.