Күйөө бала досторун күтпөй той өткөрүп салган. Достору той ээсин сотко беришти

Индияда тойго келген күйөө жолдоштор аларды күтпөй, тойду өткөрүп кетип калганына нааразы болуп той ээсин сотко беришти. Бул тууралуу чет эдик басылмалар жазып чыгышты.

Индиянын Хардвар шаарынын тургуну Рави үйлөнүүгө камынып жүргөн. Ал досу Чандрашехарды анын атынан тойго чакыруу баракчасын таратып берүүнү суранган. Чандрашехар макул болуп, саат 17:00гө белгиленген чакырууну досторуна тараткан. Аталган убакка достору тойго келишсе, күйөө бала келинчеги менен кетип калган болот. Нааразы болгон достору Равиге чалышса, ал достору кечигип калганын жана үйлөрүнө кете беришин айтат.

Равинин бул жоругу досторун ачууланткан. Чандрашехар аны чакыруу баракчасын тараттырып пайдаланганы, шылдың кылганы үчүн досуна карата 500 миң рупий (508 миң сомдун тегереги) төлөп берүү талабы менен доо арыз жазат. Андан сырткары досу андан 3 күн аралыгында коомчулук аркылуу кечирим суроосу керектигин талап кылган.