«Сөөктү көрүп турам, бирок чыгара албайм». Зилзаладан кийинки марокколуктардын жашоосу

Sky News агенттигинин журналисттери жер титирөөдөн калктын ондон бир бөлүгү каза болгон Марокконун Амизмиз шаарына барышты. Адамдар дагы эле болгон окуядан өзүнө келе албай жатышат. Кырдаалды урандыларды тазалай турган техниканын жоктугу курчутуп жатканы маалым болгон.

Жер титирөөгө чейин Амизмиз 20 миң калкы бар түркүн түстүү шаар болгон. Шаар өзүнө туристтерди тартып турчу. Азыр шаардын урандылары гана калды. Зилзала учурунда эки миңден ашуун адам каза болгон. Алардын көбү урандылардын астында калууда. Жарандар үйлөрүнө баруудан коркуп атайын уюшулган лагерлерде же көчөдө эле күн көрүп жатышат. 

Даг аттуу киши журналисттерге кыска экскурсия жасап, мурда үйү жайгашкан, азыр ташка толуп калган жерди көрсөткөн. «Бул жерде күйөө балам жатат. Анын жансыз денесин көрүп жатам, бирок техника жок, өз алдымча чыгара албайм», — деди ал. 

Маалымат агенттигинин журналисти түшүндүргөндөй, азыр шаарда электр жарыгы, суу, байланыш жок. Үйлөрдү карап чыккандан кийин, ал үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук бере албай турганын айткан. 

9-сентябрда Мароккодо күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болгон.