Күйөөсүнүн көзүнө чөп салды деп… Иранда аялды өлүм жазасына өкүм кылышты

Иранда сот күйөөсүнүн көзүнө чөп салды делген аялды өлүм жазасына кести. Бул тууралуу Associated Press билдирет.

Соттолгон аял аялдар үчүн фитнес клубда машыктыруучу болуп иштеген. 2022-жылы күйөөсү аны үйдөн ойношу менен таап, полицияга кайрылган. Ошондой эле, камералардын жардамы менен ал аялынын башка эркектер менен болгон мамилеси тууралуу билген. Соттун чечими боюнча аял таш бараңга алынып өлтүрүлүшү керек. Маалым болгондой, ал өкүм боюнча жогорку инстанцияга даттана алат.

Иранда өлүм жазасы адам өлтүрүү, зордуктоо, куралдуу карактоо, адам уурдоо жана баңги аткезчилиги үчүн да киргизилген. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш өткөн аптада Иран 2023-жылдын алгачкы жети айында 419 кишини өлүм жазасына кескенин билдирген.