Социалдык тармактарда кыйроого чейин учактын салонунда тартылган видео жарыяланды.
Кечээ, 25-декабрда Баку — Грозный багытындагы учак Казакстанда кыйроого учураган. Учакта 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Кесепетинен жалпы 67 адамдын 38и каза тапты. Ооруканага ар түрдүү жаракаттары менен 29 жаран жеткирилген.
Учакта Казакстандын 6, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.