Күйүүчү май рыногундагы кризис. Казакстанда 400дөн ашуун май куюучу жай жабылышы мүмкүн

иллюстрация

Түркстан облусундагы жана Чымкент шаарындагы 400дөн ашуун майда май куюучу жайлар жабылуу алдында турат. Бул тууралуу Atameken Business News Ютуб каналы билдирди.

Маалыматка караганда, май куюучу жайда сата турчу күйүүчү май жок. Менчик май куюучу жайлардын 80 пайызы бош. Ээлери күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмүн албай жатканына нааразы. Абал акыркы эки айда начарлап кеткен. Анын бир себеби катары Атырау нефтини кайра иштетүүчү заводундагы кыйынчылыктар келтирилген. Алардын айынан кээ бир маалыматтар боюнча, 20 миң тонна дизель жана ошончо көлөмдөгү бензин жоголгон. Ал эми бул көлөм азырынча калыбына келтириле элек. Дагы бир себеп күйүүчү-майлоочу материалдарды чет өлкөгө мыйзамсыз экспорттоо.

Маселени чечүү үчүн алар оор жүк ташуучу унааларга чоң көлөмдө май куюуга тыюу салуу жана дизелдик майдын баасын жогорулатуу деп аташат. Анын үстүнө акыркы пункт практикалык түрдө чечилди деп эсептелет. Казакстанда дизель майына коңшу өлкөлөрдөгү баалар менен теңештирүү үчүн октябрь айынан баштап баа көтөрүлүшү мүмкүн.