Кылмышкер 8 адамды аткандан кийин өз жанын кыйды

Американын Индианаполис шаарында куралчан адам «FedEx» логистикалык компаниясында ок чыгарды. Кесепетинен сегиз адам каза болду. Окуядан кийин кол салган адам өз жанын кыйды. Бул тууралуу шаардык полицияга шилтеме берүү менен «WRTV каналы» жазып чыкты.

«Атышуу тууралуу полицияга бейшемби күнү саат 23:00дө кабарлашты»,- деп билдирди полиция өкүлү Джене Кук маалымат жыйында.

“Эркек киши «FedEx» имаратында ок чыгарып, сегиз адам каза болуп, дагы жетөө жаракат алды. Кол салуудан кийин кылмышкер өз өмүрүнө кол салган”, – деп айтылат билдирүүдө.

«FedEx» окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө менен кызматташып жаткандыгын билдирди.

Атышуу болгон жер Индианаполистеги аэропорттун жанында жайгашкан. Азыр ал жана аэропортко кире бериштер ачык.