Кымбатчылыктын бир себеби! Кытай азык-түлүктүн дүйнөлүк запасынын жарымын сатып алды

Дүйнөлүк калктын 20 пайызы жашаган Кытай жүгөрү жана башка дан азыктарынын дүйнөлүк запасынын жарымынан көбүн сатып алып, бул өз учурунда бүтүндөй планетада баалардын кескин өсүшүнө алып келди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

«Биздин өлкө азык-түлүктүн запасын тарыхта болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлге жеткирди. Буудайдын запасы бир жарым жылга жете турган суроо-талапка жооп берет», — деп Кытайдын азык-түлүк жана стратегиялык резервдер боюнча улуттук башкармасынын бөлүм башчысы Цинь Ююнь билдирген.

Кытай дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кымбаттап баштаган мезгилдин биринчи белгилери пайда болору менен пандемия кезинде эле шашылыш түрдө запас топтоого киришкен. Кытайдын бажы башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2020-жылы аталган өлкө азык-түлүктүн импортуна 98,1 миллиард доллар короткон. Бул сумма он жыл мурдагыга салыштырмалуу 4,6 эсеге көптүк кылат. АКШнын Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кытай дүйнөдөгү жүгөрүнүн запасынын 69 пайызына, күрүч запасынын 60 пайызына, буудай запасынын 51 пайызына ээлик кылып калат. Япониянын табигый ресурстарды изилдөө институтунун директору Акио Сибатанын айтымында, Кытайдын азык-түлүк топтоосу — бул баалардын өсүшүнүн себептеринин бири.