Күмүш медаль алган кытайлык гимнаст кайрадан көңүл чордонун ээледи

Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон 18 жаштагы кытайлык гимнаст Чжоу Якинь кайрадан көпчүлүктүн көңүл чордонун ээледи. Буга анын күйөрмандары тартып алган видеонун тарашы себеп болду. Видеодо спортчунун Олимпиада оюндарынан кайтып келип, ата-энесинин ашканасында кардарларды тейлеп жүргөнү тартылган. Интернет колдонуучулары гимнаст кыздын жөнөкөйлүгүнө суктанышууда.

Буга чейин Чжоу Якинь сыйлык тапшыруу аземинде медаль тиштөө салтынан кабары жоктой болгон реакциясы көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле.