Күн ысыккы… Туркистанда автожолдо жумуртка кууруган видео тарады (видео)

Казакстандын Туркистан облусунда күндүн ысыгынан жергиликтүү тургундар автожолго жумуртка кууруп башташты. Тургундун автожолунда «тамак даярдаган» видеосу социалдык тармактарга тараган.

Маалыматка ылайык, жаран чоң жолго сковородканы коюп, 10 мүнөттөй күтүп, кийин майга жумуртка кууруган видеосун жарыялаган.

Эскерте кетсек, учурда Туркистанда аба-ырайы +40 градус ысык болууда.