«Кыргыздарды Кудай сактаптыр ». Филипп Киркоровдун Казакстанда ырдап чыккандагы кийими талкууда

Социалдык тармактын колдонуучулары орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун Алматыдагы концертинде тартылган видео менен бөлүшүп жатышат.

Маалыматка караганда, концерт Алматы жана Астана шаарларында болгон. Казак ЖМКлары жазгандай ал эки концертке тең сахнага колготки сымал кийим менен чыккан. Бирок ага түшүндүрө берген эмес. Киркоров Астанадагы концертинен кийин «Ушул үч күндү сөзсүз жеке мемуарымда калтырам. Бир аздан кийин. Убакыт өткөндөн кийин. Мен бул жөнүндө сүйлөшүүгө даяр болгондо бөлүшөм. Бирок Астана 2022 концерти менин тарыхымда түбөлүккө калды. Ошол күнү мени менен болгондордун баарына рахмат. Менин көрүүчүлөрүмө рахмат» деп жазган. 

Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары ырчынын концерттик костюмун талкууга алып жатышат. Айрымдары «Стилисттер ырчыны жакшы эле шылдыңдашыптыр», «Бул жерде деле багажы жоголуп кетсе болмок экен», «Кыргыздарды Кудай сактаптыр» деп жазып жатышса, айрымдар концерт, анын костюмдары мыкты болгонун, ар бир адам каалагандай кийинүүгө укугу бар экенин жазып жатышат.

Филипп Киркоров Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда концертин берген. Концертке барган күйөрмандар ырчыны 3 түрдүү кийим менен көрүшкөн. Анын экөөсүндө көк жана кара түстөгү футболка менен чыккан. Ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында анын концерттик кийимдери бажы маселелесине байланыштуу спорт ордосуна жетпей калганын айткан.