Кыргызстанга келе турган «AstraZeneca» коронавируска каршы вакцинасынан көп өлкөлөр баш тартышууда

Күн сайын «AstraZeneca» коронавируска каршы вакцинасын колдонуудан баш тартып жаткан өлкөлөр көбөйдү. Бул тууралуу Германиянын «Deutsche Welle» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Нидерландынын өкмөтү Дания менен Норвегиянын олуттуу терс таасирлери жөнүндө бир катар билдирүүлөрдөн кийин алдын-алуу чарасы катары «AstraZeneca» вакцинасын колдонууну 29-мартка чейин токтото тургандыгын билдирген. Ал эми Ирландиянын саламаттыкты сактоо кызматкерлери дагы вакцинаны колдонууну баш тартуу керектигин өз өкмөтүнө сунушташкан. Өз кезегинде Ирландиянын Саламаттыкты сактоо министри Стивен Доннелли бул алдын алуу чарасы экендигин айткан.

Буга чейин Австрия бул вакцинаны колдонуудан баш тарткан биринчи өлкө экени айтылып келсе, анын артынан эле Дания, Норвегия, Исландия, Эстония, Люксембургда жана Латвияда бул препаратты убактылуу колдонуу токтотулган. Кийинчерээк Италия да вакцинанын бир партиясына тыюу салган. Италиянын артынан Румыния бул партиядагы препаратты колдонбоо чечимин кабыл алды. Ошондой эле аталган вакцина менен коронавируска каршы эмдөө Болгарияда дагы токтотулган.

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында акысыз 1 миллион 200 миң даана аталган «AstraZeneca» вакцинасынын дозасын күтүп жатат. Вакцина британиялык-шведдик фармацевтикалык компаниянын Оксфорд университетинин катышуусу менен иштелип чыккан. Ошол себептен ал «Оксфорд вакцинасы» деп да аталат.