Күрөктү алып, жол жасагандарга нааразы болгон аткаминер. Акимчилик түшүндүрмө берди

Алматы облусунун акимчилиги чиновник жолго асфальт төшөп жаткан жумушчуларга нааразы болгон видеого комментарий берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Социалдык тармакта аткаминердин күрөк кармап, жумушчулардын каталарын көрсөткөн видео жарыяланган. Алматы облусунун акиминин басма сөз катчысы билдиргендей, окуя Көкпек — Кеген — Түп унаа жолунда болгон.

«Алматы облусунун Кеген районунун акиминин орун басары Медет Исаев республикалык маанидеги Көкпек – Кеген – Түп унаа жолунун 53-чакырымынан 68-чакырымына чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин сапатын текшерип, текшерүүнүн жыйынтыгында канааттандырарлык эмес деген баа берилген”, — деди ал.