Кытай 15-марттан тарта чет өлкөлүктөргө визанын бардык түрлөрүн бере баштайт

Кытай 15-марттан тарта чет элдик жарандарга визанын бардык түрүн бере баштайт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин билдирүүсүндө айтылат.

Чектөө коронавирустун жайылышына байланыштуу киргизилген. Кытай өлкөгө кирүү үчүн 2020-жылдын 28-мартына чейин берилген визаларды колдонууга уруксат берет. Круиздик кемелерде, ошондой эле Гонконг, Макао жана АСЕАН өлкөлөрүнөн келген жарандардын айрым категориялары үчүн Шанхайга визасыз баруу мүмкүнчүлүгү калыбына келтирилет.