Кытайдын астронавттары Гуй Хайчао менен Чжу Янчжу «Тяньгунь» станциясынан түз эфирдеги лекция учурунда шам күйгүзүп, кантип күйөрүн көрсөтүштү. Жалын Жердегидей тамчы формасында эмес, дээрлик тоголок болуп көрүнөт.
Эл аралык космостук станцияда шам менен эксперимент жасоо буга чейин мүмкүн болбой келген. Себеби оңой жалындап кеткен материалдарга карата олуттуу эрежелер каралган. Буга кошумча 1997-жылы орусиялык «Мир» космостук станциясында чоң өрт катталган.