Кытай эгиндерди кургакчылыктан сактап калуу үчүн жасалма жамгыр жаадырат

Кытай бийлиги рекорддук кургакчылыктан түшүмдү сактап калуу үчүн химиялык заттарды колдонуу менен жасалма жамгыр жаадырууну пландап жатат. Бул тууралуу 21-августта Associated Press жазды.

Кытайда быйылкы жайда акыркы 61 жылда болуп көрбөгөндөй ысык болуп жатат. Кургакчылык суу сактагычтарды жарым-жартылай кургатып, эгиндин куурап калышына алып келди. Сычуандагы заводдор үйлөргө электр энергиясын үнөмдөө максатында өткөн аптада жабылган. Температура +45 градуска жетүүдө. 

Кытай бийлиги өлкөдө жылдык түшүмдүн 75 пайызын түзгөн күзгү дан түшүмүн сактап калуу үчүн химиялык заттардын жардамы менен жасалма жамгыр жаадырып, шашылыш чара көрөт.