Кытайда июль айынан бери биринчи жолу коронавирустук инфекциянын бир дагы жаңы учуру аныкталган жок. Бул тууралуу Рейтер Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жазып чыкты.
Кытайдын тиешелүү департаменти инфекциянын Кытай боюнча жайылышын токтотконун жарыялады жана июлдун аягында башталган учурдагы COVID-19 тез арада толугу менен токтотуларын белгиледи.
Кытайдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 20-июлда Кытайдын чыгышындагы Нанкин шаарындагы аэропорттун бир нече кызматкери индия коронавирусун жуктуруп алышкан. Андан кийин миңден ашуун кишиден вирус аныкталган. Эпидемия жергиликтүү бийликтерге өлкө боюнча эпидемияга каршы катуу чараларды көрүүгө түрткү берген.
ДССУ белгилегендей, индиялык штамм менен калктын эмдөөгө убактысы болбогон бөлүгү көбүрөөк жабыркайт.