Дубалга чапталган банан дүйнөдөгү эң чоң аукцион үйлөрдүн бири Sotheby’s’те 6,2 миллион долларга сатылган. Лоттун алдын ала баасы бир миллиондон бир жарым миллион долларга чейин болгон. Натыйжада лот 6 240 000 долларга кетти.
X социалдык тармагындагы аукцион үйү бананды сатып алган Жастин Сандын билдирүүсүн репост кылган. Постто ал жакынкы күндөрү бананды өзү жей турганын жазган.
TRON криптовалютасынын негиздөөчүсү 34 жаштагы Жастин Сан 29-ноябрда Гонконгдогу эң кымбат мейманканалардын биринде чоң маалымат жыйынын өткөрдү. Ал дал ошол жерде бананды жеди. «Бул башка банандарга караганда даамдуу»,- деген ал.