Кытай миллионери 6,2 миллион долларга сатып алган бананды жеди (видео)

Дубалга чапталган банан дүйнөдөгү эң чоң аукцион үйлөрдүн бири Sotheby’s’те 6,2 миллион долларга сатылган. Лоттун алдын ала баасы бир миллиондон бир жарым миллион долларга чейин болгон. Натыйжада лот 6 240 000 долларга кетти.

X социалдык тармагындагы аукцион үйү бананды сатып алган Жастин Сандын билдирүүсүн репост кылган. Постто ал жакынкы күндөрү бананды өзү жей турганын жазган. 

TRON криптовалютасынын негиздөөчүсү 34 жаштагы Жастин Сан 29-ноябрда Гонконгдогу эң кымбат мейманканалардын биринде чоң маалымат жыйынын өткөрдү. Ал дал ошол жерде бананды жеди. «Бул башка банандарга караганда даамдуу»,- деген ал.