Кытай окумуштуулары коронавирус Индиядан чыккан болушу мүмкүн дешет

A health worker checks the body temperature of a devotee amid concerns over the spread of the COVID-19 novel coronavirus, at Kapaleeshwar temple in Chennai on March 17, 2020. (Photo by Arun SANKAR / AFP) (Photo by ARUN SANKAR/AFP via Getty Images)

Коронавирусту бир жыл мурда Ухан вирусу деп аталып жүргөнүн сиз деле унутта калтырган чыгарсыз… Бул сапар кытай окумуштуулары коронавирус 2019-жылы Индиядан чыккан болушу мүмкүн деп жар салышты.

Алардын айтымында, вирус ысык жана кургакчылык болгон шартта жаныбардан адамга жуккан, себеби ал жерде адамдар менен жаныбарлар бир сууну ичишет. Кытай эксперттери жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Ухандагы вирус оригинал эмес. Индия сыяктуу эле шек саноо Италия, Чехия, Австралия, АКШга түшкөн.

Кытай окумуштууларынын божомолу Глазгонун изилдөөчүлөрү тарабынан сынга алынып, алардын ишинде айтылган далилдерге ишенишпегенин билдиришти. “Авторлор ачык эле турган эпидемиологиялык маалыматтарды четке кагышкан. Анда оорунун Кытайда пайда болгонун жана андан башка жактарга жайылганы так көрсөтүлөт” дейт Глазго университетинин эксперти.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун башкы катчысы да коронавирустун булагын изилдөөнү Кытайдын Ухан шаарынан баштоо керектигин билдирген болчу.