Кытай Палестинаны колдой турганын убадалады. Ал Израиль менен 10-майдан бери ракеталар аркылуу аткылашып жатат

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда палестиналык-израилдик конфликт сөз болуп, Пекин Палестинага колдоо көрсөтө турганын билдирди. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратканын дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

«Кытай мыйзамдуу укуктары кайтарылышы үчүн күрөшүп келе жаткан палестиналык элди колдоону улантат», — дейт кытай министри. Ошондой эле, Пекиндин БУУнун Коопсуздук кеңешинин контруктивдүү ролуна үмүт артары айтылат.

Израилдин армиясы менен Газа тилкесиндеги палестиналык радикалдуу топтордун өз ара ракеталык аткылашуусу 10-майдан бери уланып келе жатат. Соңку маалыматтар боюнча, Израиль тараптан 10дой адам каза болсо, палестиналык тараптан 150дөн ашуун киши набыт болгон, анын 40ы балдар.