Кытай вирусологу коронавирус лабораторияда иштелип чыккан деген маалыматка жооп берди

Ухань вирусология институтунун жетектөөчү адиси Ши Чжэнли коронавирус лабораторияда иштелип чыккан деген маалыматты четке какты. Бул боюнча The New York Times басылмасы жазып чыкты.

Вирусолог кытай лабораториясынан COVID-19 вирусу иштелип чыккан деген дооматты негизсиз деп билдирди. Ал пандемия башталганга чейин Ухандагы институттун кызматкерлери катуу оорушкан деген кабарларды жалган деди. “Мен жок далилдерди кантип көрсөтө алам? Дүйнөлүк коомчулук тынымсыз күнөөсүз окумуштууларды каралап жатат. Бул деңгээлге кантип жеткенине таң калып турам”, — дейт вирусолог.

13-июнда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебреисус коронавирустун лабораторияда иштелип чыгып, тарап кеткендигин чындыкка жакын деп баалаган болчу. Ал ошондой эле, SARS-CoV-2 лабораториялык келип чыгышын четке какпастыгын белгилеп, изилдөө ишинин алгачкы этабында Кытай тараптан керектүү “ачыктык жана кызматташтык болгон эмес” деп билдирген.