Кытайда 17 баланы уурдап, сатып жиберген аял өлүм жазасына кесилди

Кытайда 17 баланы уурдап, сатып жиберген аял өлүм жазасына кесилгенин Синьхуа агенттиги билдирди. Мындай өкүмдү Гуйчжоу провинциясынын Гуйян элдик соту 25-октябрда чыгарды.

2023-жылдын сентябрь айында ошол эле сот Юй Хуаинди 1993-1996-жылдары Гуйчжоу жана Чунцин шаарларынан 11 баланы Хэбэй провинциясынын Хандан шаарына уурдап кеткен жана сатуу үчүн күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына кескен. Соттолуучу жана анын каза болгон шериги балдарды сатып, пайда көрүшкөн. Өкүм жарыялангандан кийин дароо уурдаган адам чечимге каршы даттанган.

2023-жылдын ноябрында Гуйчжоу провинциясынын Жогорку Элдик соту соттолуучунун арызын кайра карап, 2024-жылдын январында полиция Юй Хуаиндин башка бала сатуу иштерине тиешеси бар экенин аныктагандан кийин ишти кайра кароону буйруган. Ошол учурда уурдалган балдардын саны 11ден 17ге көбөйгөн.

«Алар 12 үй-бүлөнүн балдары болгон. 5 үй-бүлө бир эле учурда экиден баласын жоготкон»,- деп айтылат соттун маалыматында. Мындан тышкары, Юй Хуаин бардык жеке мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою саясий укуктарынан ажыратылган.