Кытайда 19 жаштагы жигит телефон тиктеп отура берип, шал болуп кала жаздады

Кытайда Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу шаарында 19 жаштагы Сяо Дун аттуу студент күндө кылган адатынан кийин ооруканага жатып калды. Ал башын ийген абалда бир канча саат телефон тиктеп отура берчү.

Жайында жигит кафеде иштеп, көп убакыт бою идиш-аяк жууп, үстөлдөрдү сүртүп, бүкүрөйгөн абалда жүргөн. Бош убактысында да эс албай, телефон тиктеп отура берген. Анын мойнундагы тынымсыз чыңалуу өз таасирин тийгизген. Башында колунда, буттарында жана мойнунда уюп калуу пайда болуп, 30-июлда Сяо ойгонуп, буттарын кыймылдата албай калганын байкаган.

Текшерүүдө моюн омурткасында кан уюп калганы аныкталган. Уюган кан жүлүндү кысып, дененин дээрлик толук шал болуп калышына себеп болгон.

Оорулууга шашылыш операция жасалып, уюган канды алып салышты. Операция ийгиликтүү өттү: Сяо буттарын өз алдынча кыймылдата баштады жана дарыгерлер толук айыгып кетээрин айтышууда.