Кытайда 20 метр бийиктикте футбол ойноп башташты (видео)

Кытайда 20 метр бийиктиктеги эки дөңдүн ортосуна футболдук тор тартылды. Бул тууралуу Смартпресс жазды. 

Каалоочулар «футбол талаасына» үстүндөгү кууш тепкич менен жетип ойной алышат. Эң негизгиси талаада 50дөн ашык адам болбошу керек жана алардын салмагы 90 килограммдан ашпашы керек.