Кытайда 25 баланы ууландырган бала бакчанын тарбиячысы өлүм жазасына тартылды

Кытайдын Хэнань провинциясынын Цзяоцзо шаарынын соту бала бакчанын тарбиячысы Ван Юнду өлүм жазасына кести. Ал 25 баланы натрий нитритине ууландырган деп айыпталган. Кесепетинен бир бала каза болгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ван Юнь «Мэнмэн» бала бакчасынын тарбиялануучуларынын бири менен болгон чырдан улам балдарды ууландырууну чечкен. Ал анын тобундагы балдардын  боткосуна натрий нитритин салган. Кесепетинен 25 бала ууланып ооруканага жаткырылып, алардын бири ооруканада каза болгон. Бул иш 2019-жылдан бери иликтенип келет.