Кытайда 3 балалуу болууга уруксат берилди

Кытайдын лидери Си Цзиньпин жарандарына 3 балалуу болууга уруксат берди. Бул тууралуу «Синьхуа» басылмасы жазып чыкты. «Элдин картайып бара жатканына активдүү чара көрүү максатында жубайларга 3 балалуу болууга уруксат берилди», — деп айтылат маалыматта.

Кытайда 1979-жылдан 2015-жылга чейин «Бир үй-бүлө — бир бала» демографиялык саясаты жүргүзүлүп келген. 2016-жылдан баштап кытай жарандарына 2 балалуу болууга уруксат берилген. Кытайда 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу ымыркайлар 30 пайызга аз төрөлгөн. Бул Кытай Эл Республикасы түзүлгөн 1949-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кытай дүйнөдө калкынын саны боюнча 1-орунда турат. 2020-жылдын 1-ноябрына карата Кытайдын калкы 1 миллиард 411 миллион 778 миң 724 адамды түзгөн.