74 жаштагы кытайлык ыктыярчы үй-бүлөсү жол кырсыгынан каза болгондон кийин, 36 жылдан бери жол кыймылын жөнгө салып келет. Ал 300дөн ашык ууруларды жана кылмышкерлерди кармаган.
Куньминдик Айцин Чжандын жол кырсыгынан аялы, төрт баласы жана эжеси каза болгон. Көңүлү ушул иштен жай тапкан Айцин күн сайын эртең мененки саат 6дан баштап Яньань шаардык ооруканасына алып барчу жолдогу таңкы хаосту иретке салуу үчүн ишке киришет. Анын окуясы соцтармактарда миллиондогон адамдын жүрөгүн козгоду.
Айциндин угуусу начар. Ага карабастан, айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө кыйкырып жол кыймылын көзөмөлдөп турат. Жөнгө салуунун ортосунда ал кайыр сурап, убактысы болсо бөтөлкөлөрдү чогултуп, студенттерге жардам берүү үчүн акча топтойт. Ал ошондой эле адам сатууга каршы күрөшкөнү менен белгилүү. Айцин дубалдардын бирине «адамдарга кызмат кылуу эч качан кеч эмес» деп жазып койгон.
Орусиянын укук коргоо кызматкерлери 2 жашар уулуна баңгизат сайып жүргөн Челябинск облусунун 31 жаштагы тургунун кармады. Бул тууралуу Тергөө комитетинен...
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов Талгар шаарында өспүрүм Шерзат Болаттын өлтүрүлүшү боюнча иш сотко өтөрүн билдирди. Бул...
Люксембургдун ханзаадасы Фредерик сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен узакка созулган күрөштөн кийин 22 жашында каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды. ...
Алматы аэропортунда барымтадагы адамды куткарып калган казакстандык Муса Абдраим куткарылган кыз менен жолугушту. Бул тууралуу "Тенгри" жазды. "Бүгүн карындашым менен...