Кытайда 50 унаа сүзүшүп, 16 адам каза болду

4-февралда Кытайдын борбордук бөлүгүндө болгон жол кырсыгынан 16 адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алганын Channel News Asia телеканалы билдирди.

Хунань провинциясындагы трассада 10 мүнөттүн ичинде 50гө жакын унаа кагылышып, айрым унаалар күйүп кеткен. 

Бийликтин маалыматы боюнча, кырсыктан 16 адам каза болуп, 66 адам жаракат алган. «Жабырлануучулар дароо ооруканага дарыланууга жөнөтүлдү», — деп билдирди Жол кайгуул кызматы.

Окуя болгон жерге 180ден ашык куткаруучу жөнөтүлгөн.