Кытайда 6 кабат имараттын урашы. Каза болгондордун саны 53 кишиге жетти

Кытайда көп кабаттуу имараттын урандысында калып көз жумгандардын саны 53 адамга жетти. Издөө иштери аягына чыкты. Буга чейин каза болгондордун саны 26га жеткени белгилүү болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Алты кабаттуу имарат 29-апрелде урап түшкөн. Имаратта дүкөндөр, коомдук тамактануучу жай, ошондой эле чакан мейманкана болгон. 30-апрелде урандылардын астында 23 адам калганы, 40ка жакыны дайынсыз жоголгондугу кабарланган. 

Окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери аяктап, урандылардын астында калгандардын баары жана дайынсыз жоголгон делгендер табылган. Куткаруучулар урандылардын астынан 10 жабырлануучуну аман алып чыгышып, бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.