Кытайда 650 жылдык мунара урады (видео)

Кытайда 650 жылдык мунара жарым-жартылай кулады. Мындан бир жыл мурун эле ал көп каражатка оңдоодон өткөн. Бул тууралуу Tengri Travel жазды. 

Окуяга күбө болгондордун айтымында, окуя 19-май күнү кечинде Фэнъян шаарында болгон.

Мунара жөн эле эски имарат эмес. Ал 1375-жылы Мин династиясынын императорунун тушунда курулган. Ошондон бери ал бир нече жолу урап, калыбына келтирилген. Акыркы реконструкция 2024-жылдын мартында бүткөрүлгөн. ЖМКлардын маалыматы боюнча, оңдоо иштерине 3,4 миллион юань (болжол менен 470 миң доллар) кеткен.