Кытайда 86 жаштагы киши биринчи сүйүүсүнө баш кошту (видео)

Кытайда 86 жаштагы киши биринчи сүйүүсүнө баш кошту. Чжоу Гуйлинь болочок жубайы Ян Сюгуй менен Пекин университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Алар ошол учурда сүйлөшүп жүрүп, бирок мамиле эч нерсеге алып келген эмес. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышты.

Жылдар өтүп, алар үй-бүлө күтүшкөн. Эркек киши өмүрүн балдарды окутууга арнаган, туулган жеринде мектеп түптөп, бирок ал биринчи сүйүүсүн унуткан эмес. Түгөйлөр жубайлары каза болгондон кийин, тагыраагы арадан 60 жыл өткөн соң кайра баш кошушту. Ансыз да жоготкон убакытты текке кетирбөөнү чечкен сүйүшкөндөр той өткөрүшкөн.