Кытайда 900 жылдык тарыхы бар көпүрө өрттөнүп кетти (видео, сүрөт)

Фуцзянь провинциясындагы Пиннань округунда 900 жылдан ашык турган жыгач көпүрө өрттөн улам кулады. Бул тууралуу 7-августта кытайлык Global Times басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Маалым болгондой, көпүрөдөгү өрт болжол менен 10 саатта өчүрүлүп, 900 жылдык тарыхы бар жыгач көпүрө өрт башталгандан кийинки 20 мүнөттө толугу менен күйүп кеткен.

Пекин университетинин байыркы архитектура боюнча эксперти Сюй Итаонун айтымында, өрттүн чыгышына адам фактору себеп болушу мүмкүн. «Менин оюмча, бул табигый кырсык эмес, адам тарабынан жасалган болушу мүмкүн, суу үстүндөгү көпүрөдө өрт чыгуу сейрек кездешет»,- деди ал.

Бул көпүрө Ваньань аты менен белгилүү. Ал Сун династиясынын тушунда (960-1279) курулган. Көпүрө 1708-жылы өрттөн жабыркап, 1742-жылы калыбына келтирилген.