Кытайда адамдарды учурган катуу шамалдын видеолору тарады

Кытайдын түштүгүндө 780 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Катуу шамал Жухай шаарында 2-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 3:30да болгон. Ага чейин шамалдан Макао менен Гонконг да жапа чеккен.

Катуу шамал жарандарды учурууга чейин жетип жатат. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тайфун бир нече күндөн бери жүрүп жатат, жабыркагандар ондоп саналат жана бийлик салмагы 50 килограммга жетпегендерди көчөгө чыкпоого аракет кылууну суранууда.