Кытайда ак акуланы бышырып жеген блогерге айып пул салынды

Кытай бийлиги ак акуланы мыйзамсыз сатып алып, аны жеген фуд-блогерге айып салды. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Маалыматтарга караганда, ага 18,5 миң доллар айып салынган. Кыз Кытайдагы жапайы жаныбарларды сактоо боюнча мыйзамдарды бузган. Ал акуланы Кытайдагы соода аянтчасынан 7,7 миң юанга сатып алган, бул дээрлик 95 миң сомго барабар. Кийинчерээк блогер кытайлык популярдуу платформаларга видеосун жарыялап, сынга кабылган.

Мындан улам полиция текшере баштаган, ДНК-анализ блогердин чындап эле дүйнөдө аярлуу түр катары саналган ак акуланы жегенин көрсөткөн.