Кытайда алгачкы жолу учуучу таксилерге лицензия берилди

Кытай бийлиги расмий түрдө автономдуу аба таксилерин иштетүүгө уруксат берип, алгачкы эки лицензияны EHang Holdings жана Hefei Hey Airlines компанияларына беришти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Бул жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн учкучсуз учактарды коммерциялык колдонууга жол ачат. Бул таксилер Кытайдын экономикасынын өнүгүүсүнүн жаңы бөлүгү болот. Биринчи маршрут экскурсияларды камтыйт, ал эми келечекте толук кандуу шаардык транспортко айланат.