Кытайда аралыктан татаал операция жасалды (видео)

Кытайда хирургдар аралыктан татаал операцияларды жасай башташты. Дарыгер 5 миң чакырым алыстыкта туруп эле бейтаптын өпкөсүнөн шишикти алып салган. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазып чыкты.

Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кашкар шаарындагы бейтапка операция жасалды. Жергиликтүү ооруканада талап кылынган квалификациядагы хирургдар жок болгондуктан, алар кытайлык MedBot компаниясы иштеп чыккан хирургиялык роботту колдонууну чечишкен.

Операцияны Шанхай ооруканасынын көкүрөк онкология бөлүмүнүн илимий жетекчиси жана алдыңкы хирург Луо Цинцюань жасады. Ал белгилегендей, 5G байланышын колдонуунун аркасында 5 миң чакырым аралыкта жайгашкан роботту башкарууда сигналдын берилиши дээрлик эч кандай кечиктирилген эмес.