Кытайда ата-энелер балдарын мектепке электр велосипеддери же мопеддер менен жеткирүү үчүн курьерлерди жалдаган жаңы тренд популярдуу болуп баратат. Бул тууралуу Ulysmedia.kz жазды.
Бул көрүнүш жашы жете электердин коопсуздугуна тынчсызданууну жаратат.
Бул тренд 2024-жылдын декабрында Гуанси аймагынын тургуну өзүнүн тажрыйбасы менен социалдык тармактарда бөлүшкөндө популярдуу боло баштаган. Ал баласын мектепке алып баруу үчүн курьерге акча төлөп жатканын айткан. Аял айдоочудан этият болуп, баланын аман-эсен келгенин тастыктаган видеону жөнөтүүнү суранып турган. Көп өтпөй эле башка ата-энелер да ушундай жолду пайдаланып жатышканын жазып чыгышкан.
Курьердик компаниялар муну терс кабыл алып, мындай буйрутмалар алардын тейлөө саясатын бузарын айтышты.