Кытайда аутизм менен жабыркаган баланы мультфильмдин жардамы менен табышты

Кытайда дайынсыз болуп жаткан аутизм менен жабыркаган бала «Свинка Пеппа» мультфильминдеги музыканын жардамы менен табылган. 8 жашар Лу жаш полиция кызматкеринин тапкычтыгынын аркасында аман калган.

Аутизм менен жабыркаган бала 16-февралда Цзянси провинциясынын полициясына дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштери  6 сааттан ашык убакытка созулуп, полиция кызматкери бала имараттын чатырында болушу мүмкүн экенин жана ал оорусунан улам атын айтканда эч кандай реакция кылбасын билген.

Ал апасынан уулунун жакшы көргөн мультфильмин билип, анын музыкасын койгон. Бала музыкага реакция кылып, үн чыгарган. Көрсө, Лу чатырга жалгыз чыгып, дубал менен шатынын ортосуна тыгылып калган. Бала табылып, ата-энесине кайтарылган, медициналык экспертиза анын эч кандай жаракат албаганын көрсөткөн. Социалдык тармактардагы колдонуучулар полиция кызматкеринин эмгегин жогору баалашты.