Кытайда автобус мектептин жанындагы адамдарды сүзүп кетип, 11 киши каза болду

Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Тайань шаарында мектептин жанында автобус балдар жана алардын ата-энелерин сүзүп кетип, 11 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды. 

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 3-сентябрда таңга маал Тайань провинциясынын Дунпин округундагы жергиликтүү мектептердин биринде болгон. Белгиленгендей, кадимки мектеп автобусу күтүүсүздөн жол жээгинде билим берүү мекемесине бара жаткан адамдарды сүзүп алган.

Каза болгондордун арасында 6 чоң адам жана 5 бала бар, дагы 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Автобустун айдоочусу кармалды. Окуянын себептери такталууда.